Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:21

Депутат Акаев өкмөткө Казакстан менен мигранттар маселесин чечүүнү сунуштады


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин 19-январдагы жыйынында Казакстандын өкмөтү кабыл алган жаңы эрежелер кыргызстандык мигранттарга кыйынчылык жаратарын айтты.

"Биздин жарандар Казакстанда 90 күн жүргөндөн кийин кайра 180 күн кире албай турган эреже кабыл алды. Бул ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бардыгына тиешелүү. Үч ай жүргөндөн кийин алты ай кайра кире албайт экен. Казакстанда биздин 50 миңден ашуун эмгек миграциясында жүргөн мекендешибиз бар. Ошолордун бардыгы бүгүнтөн баштап консулдукта кезекке тура баштады. Азыр болгону 7 миңдей кыргызстандык жашоого уруксат алган, калган 40 миңден ашуун мекендешибиздин көбү Кыргызстанга кайтып келиши мүмкүн", - деди Акаев.

Эл өкүлү парламент спикери Нурланбек Шакиевге кайрылып, Казакстандын мажилисинин башчысы менен бул маселени сүйлөшүүнү өтүндү. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго февралда Алматы шаарында өтчү жыйында ушул маселени көтөрүүнү сунуштады.

Азырынча бул эреже тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат бере элек.

Казакстан ЕАЭБдин жарандарына өлкөдө жүрүү мөөнөтүн кыскарткан эреже киргизген. Ага ылайык, 27-январдан тарта Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун жарандары Казакстанда жарым жыл ичинде 90 күн гана жүрө алат. Казак өкмөтүнүн бул токтому 16-январдан тарта күчүнө кирди.

Мурда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жарандары Казакстанда чек арадан чыгып-кирип коюп, каалашынча жүрө берчү. 30 күнгө чейин эч кандай каттоосуз, 60 күн жашаган жеринде каттоого туруп жүргөнгө укуктуу болчу. Андан кийин чек арадан чыгып, кайра кирип, дагы 90 күн жүрө алышчу.

Эми Казакстанда узак мөөнөткө калчу чет элдиктер бир жылдык виза же убактылуу жашоого уруксат алууга милдеттүү. Виза чет элдик паспорту барларга гана берилет.

Буга чейин Орусия да миграциялык эрежелерин катаалдаштырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG