Таласта ырчы Малик Аликеев менен коштошуу зыйнаты өтүүдө

Малик Аликеев менен коштошуу зыйнаты. 19-январь, 2023-жыл. Талас.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Сөөгү Талас районунун Көпүрө-Базар айылында жерге берилет.

Аликеев 17-январда 54 жашында көз жумган. Акыркы жылдары ден соолугунан жабыркап, бир нече жолу операция болгон.

Малик Аликеев Токтогул Сатылганов атындагы филармониясында 16 жашынан тартып иштей баштаган. “Мөлмөлүм”, “Сардал кыз”, “Арзыкан” баштаган бир катар элдик ырларды өзгөчө чеберчиликте аткарганы менен элге таанылган.

Өнөрпоз соңку бир жылдан бери Улуттук “Манас” театрында эмгектенип жаткан.

Ырчынын акыркы концерти “Өмүр жөнүндө ой толгоо” деген аталышта былтыр, 4-декабрда өткөн. (MKt)

Дагы караңыз

Бишкек абасы булганган шаарлардын тизмесинде сап башына чыктыОрусиянын 80ден ашуун депутаты Навальныйды колдодуБишкектин Батыш автобекетиндеги өрт өчүрүлдүДавос: Зеленский заманбап курал-жабдык Орусиянын чабуулдарынын мизин кайтарарын айтты