Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Орусиянын 80ден ашуун депутаты Навальныйды колдоду


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиянын 80ден ашуун депутаты Алексей Навальныйды колдогон катка кол коюшту. Ал кат Орусиянын президентине, баш прокуроруна жана президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңешке жолдонгонун "Азаттыктын" орус редакциясы билдирди.

Алгач катты Москванын Останкино округунун муниципалдык депутаты Сергей Цукасов жарыялап, кесиптештерин анын астына кол коюуга чакырган. Кайрылууда ал Навальныйга физикалык жана психологиялык зомбулук көрсөтүүнү жана жаза камерасына отургузууну, негизсиз дисциплинардык жазаларды колдонууну токтотууну талап кылган.

Мындан сырткары кайрылууда абактагы оппозиционерге медициналык жардам көрсөтүүгө, жарандык дарыгерлерди киргүүсүнө мүмкүнчүлүк берип, оорусу аныкталса, жарандык ооруканага жаткыруу талабы айтылган.

Бир суткага жетпеген убакыт ичинде Москванын, Санкт-Петербургдун жана Ленинград, Тула облусунун, Краснодар крайынын, Новосибирск жана Томскинин ондогон депутаттары катка кол коюшту.

Буга чейин бир катар дарыгерлер жана адвокаттар Алексей Навальныйды кыйноону токтотууну талап кылышкан.

31-декабрда Владимир облусундагы катаал режимдеги колонияда жазасын өтөп жаткан Навальный онунчу жолу жаза камерасына жөнөтүлгөн. Ал жакта Навальный сасык тумоолоп, медициналык жардам алган эмес. Оппозициячы саясатчынын санаалаштары сатып берген дары-дармектин бир бөлүгү дарыгерлер Путинге ачык кат жазгандан кийин гана колонияга киргизилген.

2021-жылы сентябрда Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө “экстремизмге” байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. Навальный өзү жана анын санаалаштары коюлган айыптарды саясий куугунтук деп эсептешет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG