18-январда эртең менен Киев облусунун Бровары шаарында тик учак кулап, Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский жана анын биринчи орун басары Евгений Енин, мекеменин статс-катчысы Юрий Лубкович курман болду. Тик учактагы тогуз киши тең набыт кеткени кабарланды.
Тик учак балдар бакчасынын жанына түшүп, имараттан өрт чыкты. Алдын ала маалыматка караганда 16 киши каза болду, алардын үчөө балдар. 22 киши ооруканага түштү, алардын ичинен 10 наристе балдар үйүнүн тарбиялануучулары.
Жергиликтүү медиа кырсыкка кабылган тик учак Украинанын Коргоо министрлигине таандык экенин жазды.
Киев облусунун администрациясынын башчысы Алексей Кулеба тик учак балдар бакчасы менен эл жашаган үйдүн ортосуна түшкөнүн айтты. Бакчадагы балдар менен тарбиячылар эвкуацияланды.
Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.
Дагы караңыз
Чек ара: өрттөлүп, талкаланган 426 үйдүн 45инин курулушу бүттүӨзбекстанда электрикке бычак такаган аялга кылмыш иши козголду“Бишкек” ЭЭАнын жетекчисине Алмамбет Шыкмаматовдун талапкерлиги каралып жатканы кабарланды