Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:02

“Бишкек” ЭЭАнын жетекчисине Алмамбет Шыкмаматовдун талапкерлиги каралып жатканы кабарланды


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын жетекчисине Алмамбет Шыкмаматовдун талапкерлиги каралып жатканы маалым болду. Бул маалыматты 18-январда “Азаттык” радиосуна ал өзү тастыктады.

Азырынча өкмөт бул тууралуу расмий маалымат тарата элек.

Шыкмаматов 2021-жылы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси болуп иштеген. Кийин бул кызматын тапшырып, ошол жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоого "Ынтымак" партиясынан талапкер болгон. 2021-жылкы президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген.

2015-2020-жылдары Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынан депутаты болгон. 2011-2015-жылдары юстиция министринин кызматын аркалаган.

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын буга чейинки жетекчиси Кудрет Тайчабаров кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын 17-январда "Азаттыкка" өзү ырастап, ден соолугуна байланыштуу ушундай чечим кабыл алганын билдирген. Тайчабаров бул мекемеге 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин жетекчи болуп барган.

"Бишкек" эркин экономикалык аймагы 1995-жылдан бери иштейт. Аймакка бир катар жеңилдиктер берилип, 346 гектар жер бөлүнгөн. Учурда эркин экономикалык аймакта 313 субъект катталган, анын 58и биргелешкен ишкана. Расмий маалыматка караганда, ал жерде жалпысынан 32 мамлекеттен келген инвесторлор иштейт. (RK)

XS
SM
MD
LG