Каракол шаарындагы төрөт үйүндө жыл башынан берки эки апта ичинде алты ымыркай чарчап калганына байланыштуу маселе Саламаттык сактоо министрлигинин атайын штабынын көчмө жыйынында талкууланат. Бул тууралуу бүгүн 17-январда министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, учурда тийиштүү адистерден турган атайын комиссия жеринде иштеп жатат. Төрөт үйүнүн директору кызматынан убактылуу четтетилди.
Дезинфекциялык иштер жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу төрөт үйү убактылуу жабылып, кош бойлуу аялдар Ак-Суу районундагы төрөт үйүнө жөнөтүлүүдө.
Дагы караңыз
Үч облуста айрым мектептер онлайн окууга өттүМосквада Днепрдеги апаатты эскерген эстелик пайда болду Давосто экономикалык форумга Орусиянын өкүлдөрү катышкан жокКытайдын калкы акыркы 60 жылда биринчи жолу азайды