2022-жылдын жыйынтыгы: Инфляция 14,7% түздү

Бишкек шаарындагы "Ош" базары. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети узаган жылдын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарын жарыялады. Анда белгиленгендей, 2021-жылдын декабрь айынан 2022-жылдын декабрь айына чейин өлкөдө керектөө баалары жана тарифтери 14,7% көтөрүлдү.

Мунун ичинен азык-түлүк товарлары 17,1%, азык-түлүк эмес товарлар 12,7% кымбаттаган. Кызмат көрсөтүүлөрдүн өзүнүн тарифтери 9,1% өскөн.

Улуттук статистика комитети Кыргызстан мүчөлүк кылган Евразия экономикалык биримдигиндеги инфляцияларды салыштыруу менен өлкө анда экинчи орунда турарын тактады. Бир жыл ичиндеги баалардын көтөрүлүшү Казакстанда 20,3%, Беларуста 12,8%, Орусияда 11,9% жана Арменияда 8,3% катталган.

Инфляция — бул товарлардын жана тарифтердин көтөрүлүшүн түшүндүрөт. Ал муну менен катар акчанын куну кетишин жана сатып-алуу жөндөмдүүлүгүнүн азайышын да билдирет.

Адистер Кыргызстанда жалпы инфляция 14,7% түзгөнү менен айрым товарлардын түрлөрү 40-50% чейин кымбаттаганын коңгуроо кагып келишет. Мындай көрсөткүч Улуттук статистика комитетинин деталдуу мониторингинде да чагылдырылып турат. (ErN)

Дагы караңыз

Жазуучулар союзу "Жылдын мыкты китеби" сыйлыгын тапшырды Непалда кулаган учактагы төрт адамдын дайыны чыкпай жататДнепрде Орусиянын соккусунан кырктай киши мерт болдуУкраина Орусиянын айрым чабуулдарынын мизин кайтарганын жарыялады