Днепрде Орусиянын соккусунан өлгөндөр 36га жетти

Ракеталык соккудан кыйраган үй. 15-январь, 2022-жыл.

Украинанын Днепр шаарында Орусиянын ракеталык чабуулунан мерт кеткендердин саны 36га жетти, дагы отуздан ашууну дайынсыз. Улуттук полициянын башчысы Игорь Клыменконун айтымында, курман болгондордун экөө балдар.

Днепропетровск облусунун башчысы Валентин Резниченко 75 адам жараат алганын, алардын 14ү балдар экенин билдирди.

Шаарга 14-январда орусиялык ондогон түрдүү ракета атылганда алардын бири тогуз кабат үйгө тийип, анын бир тарабы толук кыйрап калган. 16-январдагы маалыматтарга ылайык, 39 киши куткарылды.

Киев орустар Х-22 ракетасы менен сокку урганын айтууда. Шаарда үч күндүк аза күтүү жарыяланган.

Орусиянын Коргоо министрлиги ракеталары Украинанын аскердик башкаруу мекемелерине тийгенин, сокку максатына жеткенин билдирүүдө.

Бул Орусиянын 2023-жылдагы жана Валерий Герасимов Украинадагы "операциянын" командири болуп дайындалгандан берки биринчи жапырт ракеталык сокку.

Орусия Украинага басып киргенине 11 ай болду.

Дагы караңыз

Майлуу-Суу: Жылуулук, таза суу толук бериле элек Энергетикалык кризистен улам Ташкенттин мэри кызматтан алындыДнепрде Орусиянын соккусунан кырктай киши мерт болдуМайлуу-Сууда бала бакчалар жабылып, мектептер онлайн окууга өттү