Энергетикалык кризистен улам Ташкенттин мэри кызматтан алынды

Жахангир Артыкхожаев

Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарынын мэри Жахангир Артыкхожаев аяздагы энергетикалык кризистен улам кызматтан алынды.

16-январда президент Шавкат Мирзиёев ызгаарда калкты электр энергиясы менен камсыздоо боюнча өткөргөн жыйында Ташкенттин бардык жетекчилерин учурдагы кырдаалга даяр эместиги үчүн катуу сындады.

"Ташкенттин акимин иштен алдым. Куру сөз, жалган маалыматтан нары өтө албаганы үчүн, ынсапсыздын буту жер баспай калганы үчүн бошоттум", - деди президент.

Ошондой эле баш калаанын бир катар кичи райондорунун башчыларына акыркы сөгүш берилди.

Мэрдин милдетин аткаруучу болуп шаар акиминин биринчи орун басары Бахтияр Рахманов дайындалды.

Өзбекстанда ушул күндөрү ызгаарда карапайым калк жашаган конуштарда, көп кабаттуу үйлөрдө газ жана электр энергиясы 2-3 күнгө чейин өчүп жаткандыктан калктын нааразылыгы күчөгөн. Дем алышта Ташкенттин айрым тургундары үйлөрүнүн алдына каршылык акциясына чогулуп, социалдык түйүндөрдө шаардын мэрин гана эмес, президенттин да кызматтан кетишин талап кылган чакырыктар жайылды.

Айрым коррупциялык фактыларга да ысымы аралашкан Артыкхожаев 2018-жылдын апрель айынын аягынан тарта Ташкент шаарынын мэри болуп иштеди. Өткөн аптада ал сууктан улам борбор калаадагы тойканаларда беш күн бою элге акысыз палоо таратуу демилгесин көтөргөн.

Дагы караңыз

Днепрде Орусиянын соккусунан кырктай киши мерт болдуТИМ: Казакстанда көзөмөлсүз калган беш кыргызстандык бала былтыр мекенине кайтарылган Сасык тумоо соңку аптага салыштырганда көбүрөөк катталдыДнепр: Орусиянын соккусу 30дан ашык өмүрдү алдыМайлуу-Суу: Токтоп калган үч отказандын бири иштей баштадыБекешев кош бойлуу жана улгайган аялдарга камактан башка бөгөт чара колдонууну сунуштады