Ооруканада чарчап калган жети жашар кызга пневмония деген диагноз коюлган

"Тез жардам" машинеси. Иллюстрация.

Чүйдө жети жашар кыз ооруканада көз жумган окуянын чоо-жайы териштирилип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда “Азаттык” радиосуна облустук милициянын басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка караганда, 14-январда Кара-Балтадагы ооруканада 2016-жылы туулган наристеге дем алуу органдарына байланыштуу диагноз коюлган:

“Бронхопневмония, дем алуу кемтиги деген диагноз коюлган. Бул боюнча Жайыл райондук ички иштер башкармалыгында териштирүү башталды, соттук-медициналык экспертиза дайындалды”.

Окуя тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги азырынча комментарий бере элек. Интернетте тарап жаткан маалыматтарга караганда, кыз ооруканага өтө оор абалда түшкөн. (TAb)

Дагы караңыз

Энергохолдинг: Эң суук күндөрү өчүрүү жана ири авариялар болгон жок Абдиев кылмыштуу топторду каржылаган саясатчылар жөнүндө маалымат бар экенин айтты Шаарлар: Каракол мурда жана азыр"Өлүмдөн башкасынын баарын көрдүм". Шинжаңдык казак аял жардам сурады