Каракол шаары 1869-жылы негизделип, 1889-жылы саякатчы-натуралист Николай Пржевальскийдин аты ыйгарылган. 1922-жылы шаарга мурдагы аты Каракол кайтарылып, кийинчерээк кайра эле Пржевальский деп аталып калган. Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон кийин шаарга мурдагы Каракол аты кайтырылган. "Азаттык" Каракол шаарынын 1960-1990-жылдар аралыгында тартылган архивдик жана азыркы сүрөттөрүн топтоду. Шаар өзү өзгөрүүгө дуушар болгону менен, тарыхый имараттар ошол бойдон турганын сүрөттөрдөн көрүүгө болот.
Шаарлар: Каракол мурда жана азыр
мурун

азыр

1
Б.Бийбосунов атындагы Каракол шаардык педагогикалык колледжинин сырткы көрүнүшү. Бул имарат ХХ кылымдын башында курулган.
мурун

азыр

2
1910-жылы курулган Дунган мечити.
мурун

азыр

3
"Ысык-Көл" кинотеатрынын имараты 1968-жылы курулган. 1992-жылдан бери иштебей турган маданий борбор 2023-жылы январь айында кайра ишке кирди.
мурун

азыр

4
Азыркы Ысык-Көл облустук администрациясы же мурдагы коммунисттик партиянын облустук комитетинин имараты.
мурун

азыр

5
Пржевальск драма театры 1983-жылы ачылган. Азыр ал Касымалы Жантөшевдин ысымын алып жүрөт.
мурун

азыр

6
Каракол шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири.
мурун

азыр

7
Караколдогу “Ыйык Троица” чиркөөсү. 1895-жылы курулган.
мурун

азыр

8
Каракол шаары аскердик-административдик борбор катары 1869-жылы негизделген.