Бишкекте 17-январдан 2-февралга чейин сүрөтчү, архитектор Шайлоо Жекшенбаевдин "Түтүн" аттуу көргөзмөсү Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" уюштуруучулар кабарлашты.
Көргөзмөдө автордун 80дей эмгеги коюлат. Анда Бишкекти каптаган кара түтүн, энергетикалык көйгөй, жаңы конуштардын инфратүзүмү, ички миграция чагылдырылган.
Иш-чараны Эл аралык миграция уюму, Unison Group уюштурууда.
Бишкек ноябрь айынан бери дүйнөдөгү абасы булганыч шаарлардын сап башынан түшпөй келатат. Көйгөй парламентте бир нече ирет көтөрүлгөн. 16-январдагы көрсөткүч боюнча Кыргызстандын борбору дүйнөдөгү абасы эң кир он шаардын катарында турат. (BCh)
Дагы караңыз
"Өлүмдөн башкасынын баарын көрдүм". Шинжаңдык казак аял жардам сурады Майлуу-Суунун мэри таза суу бир күн ичинде берилерин билдирдиМайлуу-Суунун жашоочулары шаардагы абал боюнча бийликке кайрылды