Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:58

Майлуу-Суунун жашоочулары шаардагы абал боюнча бийликке кайрылды


Майлуу-Сууда 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган.
Майлуу-Сууда 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган.

Майлуу-Суу шаарынын бир нече жашоочусу президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.

15-январда кечинде интернетке жарыяланган видео кайрылууда алар жергиликтүү бийлик шаардагы жылуулук, таза суу менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик телеканалдар аркылуу туура эмес маалымат берип жатканын айтышкан.

Аба ырайы кескин төмөндөй турганы алдын ала эскертилгенине карабай, ага алдын ала даярдык көрбөгөн жетекчилерге чара көрүүнү суранышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-январда Майлуу-Сууда жылуулук жана таза суу менен камсыздоону калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Маалыматка караганда, шаардагы №1 отказанга суу жеткирүү үчүн суунун нугу бурулууда. Ошондой эле жети машине менен элге суу ташылып жатат.

Майлуу-Сууда 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана таза суу берүү үзгүлтүккө учураган.

Шаардын бийлиги 14-январдан тарта отказандардын бири ишке киргизилип, жылуулук маал-маалы менен бериле баштаганын кабарлады.

Синоптиктердин айтымында, 16-январдан тартып аба азыркыга караганда жылый баштайт. (TAb)

XS
SM
MD
LG