COVID-19: Кытайда декабрдан бери 60 миңдей бейтап көз жумду

Кытай бийлиги өткөн айдын башынан тарта карантин чараларын жумшарта баштаган.

Кытайда карантин чаралары жумшаргандан бери, 8-декабрдан 12-январга чейин коронавирустан 60 миңге чукул бейтап каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясына таянып жазды.

Буга чейин Кытай бийлиги пандемия башталгандан бери беш миңдей бейтап көз жумганын, өткөн айда 10 адам гана коронавирустан каза болгонун билдирип жаткан. Ушул аптада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Бээжинди оорудан мерт болгондордун санын азайтып көрсөткөнүн сындаган.

Bloomberg басылмасы Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жабык жыйынына таянып, декабрдын башынан бери өлкөдө коронавирусту 248 миллион киши жугузуп алганын жазган.

Дүйнөдө коронавирустун тарашы басаңдаганы менен кытай бийлиги вирус чыккан аймактар менен шаарларга катаал карантин чараларын киргизип келген. Кытайдын бир катар шаарларында 26-27-ноябрь күндөрү буга каршы жапырт акциялар тутанган. Бээжин ири нааразылык акцияларынан кийин 7-декабрдан тарта COVID-19ду түп тамыры менен жоюу саясатын жеңилдетүүгө киришкен.

Дагы караңыз

Чехия: президенттик шайлоонун биринчи турунда генерал Павел алдыга чыктыБишкектеги Орто-Сай базарындагы өрт өчүрүлдү Британия Украинага Challenger 2 танктарын берерин ырастадыБишкек: Ала-Арча суусунун жээктери тазаланып жататМайлуу-Сууда өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу уланууда Днепр: ракеталык чабуулдан көп кабаттуу үй кыйрап, беш адам мерт болду