Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:44

Днепр: ракеталык чабуулдан көп кабаттуу үй кыйрап, беш адам мерт болду


Бул үйдө жашаган дагы 40тай адам жараат алды, алардын ичинен тогуз жашар кыздын абалы оор.
Бул үйдө жашаган дагы 40тай адам жараат алды, алардын ичинен тогуз жашар кыздын абалы оор.

Орусиянын аскерлери 14-январда Украинанын аймагына эки жолу ракеталык чабуул жасады. Анын натыйжасында Днепрде көп кабаттуу үйдүн бир тарабы кыйрап, беш адам мерт болду. Бул тууралуу аталган облустун башчысы Валентин Резниченко кабарлады. Анын ырасташынча, дагы 40тай адам жабыркады, алардын жетөө жаш балдар. Учурда тогуз жашар кыздын абалы оор. Аман калгандарды куткаруу иштери уланып жатат.

Донецк облусундагы Авдеевканы аткылоодо үч адамдын өмүрү кыйылды. Шаардын аскердик-жарандык администрациясынын башчысы Виталий Барабаш дагы үч адам жараат алганын кабарлады.

Киев шаарынын мэри Виталий Кличко Днепропетровск районунда жарылуу болгонун, дагы бир ракета Голосеевск районундагы бош турган имаратка тийгенин билдирди.

Президенттин кеңсеси борбор шаардагы жана башка аймактардагы маанилүү инфраструктуралык имараттар бутага алынганын кабарлады. Мындан улам электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы ыктымалдыгы эскертилди.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына ылайык, Орусия 14-январда үч жолу абадан сокку уруп, 50дөй ракеталык чабул жасады.

Орусиянын Коргоо министрлиги ишембидеги чабуулдарга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Орус аскерлери Украинанын инфратүзүмдөрүнө буга чейин дагы бир канча жолу ракеталык чабуул жасаган. Мындан улам электр энергиясы, жылуулук жана суу берүү үзгүлтүккө учурап, кыйынчылыктар жаралган.

Орусия Украинага согуш ачканына 11 ай болду.

XS
SM
MD
LG