Бишкек: Ала-Арча суусунун жээктери тазаланып жатат

Ала-Арча дарыясындагы тазалоо иштери. 30-январь, 2018-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарын аралап өткөн Ала-Арча суусунун жээктерин муздан тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

"Ала-Арчанын нугунда муз тоңуп, дарыянын дэңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу пайда болгон. 13-январдан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен инженердик техника тартылып, мэрия менен бирге дарыянын нугун тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, атайын чатыр тигилип, кызматкерлер суу каптап кетүү коркунучун 24 саат бою көзөмөлгө алып жатат",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин кышында Ала-Арча дарыясы ташып, турак жайларды суу каптаган учурлар болгон.

Дагы караңыз

Чехия: президенттик шайлоонун биринчи турунда генерал Павел алдыга чыктыМайлуу-Сууда өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу уланууда Днепр: ракеталык чабуулдан көп кабаттуу үй кыйрап, беш адам мерт болдуОш: адам өлтүрүүгө шек саналып издөөдө жүргөндөрдүн үчөө кармалдыЖалал-Абад шаардык кеңештин депутаты менен Базар-Коргондун акими кармалды Бразилия: экс-президенттин тоз-тополоңго тиешеси иликтенет