Майлуу-Сууда өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу уланууда

Майлуу-Сууда 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Мамырканов Майлуу-Суу шаарында жылуулук берүүнү жана таза суу менен камсыздоону калыбына келтирүү уланып жатканын билдирди. Ага ылайык, шаардагы №1 отказанга суу жеткирүү үчүн суунун нугу бурулууда. Ошондой эле жети машине менен элге суу ташылып келүүдө.

Шаарда отказандардын бири ишке киргизилгендиктен 14-январдан тарта жылуулук маал-маалы менен бериле баштаган.

Майлуу-Сууда 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган.

Кыргызстанда бул күндөрү кыштын эң суук мезгили болуп жатат. Синоптиктердин айтымында, 16-январдан тартып аба азыркыга караганда жылый баштайт.

Дагы караңыз

Днепр: ракеталык чабуулдан көп кабаттуу үй кыйрап, беш адам мерт болдуОш: адам өлтүрүүгө шек саналып издөөдө жүргөндөрдүн үчөө кармалдыИранда коргоо министринин мурдагы орун басары дарга асылдыЖалал-Абад шаардык кеңештин депутаты менен Базар-Коргондун акими кармалды Мас болуп чыр чыгарган милиция кызматкери менен жетекчиси иштен алынды