Ошто келин үч баласы менен иске ууланып каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарындагы Жапалак айыл аймагында 1990-жылы төрөлгөн келин үч баласы менен иске ууланып каза болду.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

"11-январда түштөн кийин маалымат келди, анда Жапалак айыл аймагындагы Качыбек айылына жакын жайгашкан Чек тилкесинин тургуну - 1990-жылы төрөлгөн Мунира Бактыбек кызы жана анын 2013, 2014, 2019-жылы төрөлгөн бир кыз, эки уулу иске ууланганын кабарлашты. Окуяны тактаганда жаңы салынган үй экени белгилүү болду, мешти үй ичине жайгаштырып, мору сыртына коюлуптур", - деди Сыдыков.

Окуя болгон маалда келиндин күйөөсү жумушка кеткен.

Буга чейин 4-январда Бишкекте жана Сузакта бирден киши иске ууланып каза тапкан. 30-декабрда Кадамжайда бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү истен кайтыш болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактарда өрт, үйдү жылытуу коопсуздугун сактоого байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү берип келет. (BCh)

Дагы караңыз

Бажы кызматы былтыр 74,3 млрд. сом чогултканын билдирдиСот жана укук коргоо органдарына нааразылык көп экени кабарландыАдвокат Адилет Балтабайдын камалышы тууралуу маалымат берди Ысык-Ата: келиндин өлүмүнөн улам төрөтканада тинтүү болду