Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:07

Ысык-Ата: келиндин өлүмүнөн улам төрөтканада тинтүү болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

19 жаштагы келиндин өлүмү катталган Ысык-Ата райондук биргелешкен ооруканасынын төрөтканасында милиция кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, тийиштүү документтер алынды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Ыкчам тинтүү иштери жүрүп, келиндин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Ооруканадагы тийиштүү документтердин оригиналдары тергөө амалдары үчүн милиция алып кетти", - деп жазылган маалыматта

Министрликтин башкы адиси Раиса Асылбашева 12-январда "Азаттыкка" жаш келин төрөт үйүнө 3-январда кайрылганын, баласынын да, өзүнүн да абалы жакшы болгондуктан, 6-январда канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылганын айткан.

"Бирок 11-январда өзүн жаман сезип, жүрөгү айланып дарыгерге кайрылганда ал ооруканага жактырылган. Андан ары ага Улуттук хирургия борборуна жолдомо берилген. Өлүмдүн так себебин айтуу азыр эрте, себеби экспертизанын жыйынтыгы чыга элек”, - деди Асылбашева.

Economist.kg басылмасы 2021-жылы Кыргызстанда кош бойлуу ар бир 100 миң аялдын дээрлик 25и төрөттөн каза болору тууралуу маалымат жарыялаган. (BCh)

XS
SM
MD
LG