Бажы кызматы былтыр 74,3 млрд. сом чогултканын билдирди

Мамлекеттик бажы кызматынын имараты.

Мамлекеттик бажы кызматы былтыр 74,3 миллиард сом бажы төлөмдөрүн чогултуп, коюлган планды ашыгы менен аткарганын билдирди.

Бул тууралуу кызматтын төрагасы Самат Исабеков 12-январда жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында маалымат берди.

Өкмөт 2022-жылдын башында Бажы кызматына 98,5 миллиард сом чогултуу планын койгон. Жыл этегинде бюджетке өзгөртүүлөр кирип, бажы тармагына коюлган пландын көлөмү 73,7 миллиардга түшкөн. Бул жааттан алып караганда, өткөн жылы бажы алымдарын чогултуу көлөмү баштапкы пландан 24,2 млрд. сомго аз аткарылды.

Өкмөт бажы төлөмдөрүнүн көлөмүнүн азайышы Украинадагы согуштан улам Орусияга жана Беларуска салынган санкцияларга байланыштуу экенин түшүндүргөн.

Декабрь айы аяктап жатканда парламент 2022-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизген. Буга бюджеттин чыгымы 35,4 млрд. сомго өсүп кеткени жана кирешелерди чогултууда бажы төлөмдөрү 25 млрд. сомго чукул аз аткарылып жатканы негиз болгон.

Өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, бюджеттин киреше бөлүгү 282 млрд. сомдун ордуна 272 млрд. сом, чыгаша бөлүгү 307 млрд. сом болору аныкталган. Бажы кызматынын салыктык кирешелеринин планы 98,5 млрд. сомдон 73,7 млрд. сомго төмөндөтүлгөн. (KbA)

Дагы караңыз

Ысык-Ата: келиндин өлүмүнөн улам төрөтканада тинтүү болду"Вечерний Бишкек" Kaktus.media сайтын сотко берди Секелекти зордуктоого айыпталган эки милиционердин жаза мөөнөтү кыскардыШаардык соттун чечими менен блогер Адилет Балтабай камакка алынды