Казакстанда "Туңгуч президент – Елбасы" мыйзамы күчүн жоготту

Нурсултан Назарбаев

Казакстанда "Туңгуч президент – Елбасы" мыйзамы күчүн жоготту. Конституциялык сот бир топ депутаттардын өтүнүчүн карап, канааттандырды. Токтом кабыл алынган күндөн баштап иштейт жана даттанууга жатпайт.

Конституциялык соттун сайтындагы маалыматка ылайык, бул чечим "2022-жылы 5-июнда өткөн референдумдун жыйынтыгына жана казак калкынын эркине негизделип чыгарылды".

Былтыр декабрда мажилис "Туңгуч президент - Елбасы" тууралуу Конституциялык мыйзамдын күчүн жоюу жараянын баштаган.

2000-жылы кабыл алынган мыйзам мурдагы президент Нурсултан Назарбаев менен анын үй-бүлөсүнө көптөгөн артыкчылыктарды берген. Мыйзамга ылайык, Назарбаев менен анын үй-бүлө мүчөлөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт, камалбайт, мүлкүнө чектөө коюлбайт эле.

Назарбаев 2019-жылы бийликтен кетип, кызматын Касым-Жомарт Токаевге өткөргөндөн кийин өлкөнүн саясатына таасирдүү кызматты – Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын ээлеген. 2022-жылдын январында жапырт нааразылыктар башаламандыктарга айланып, кан төгүлгөндө бул кызматын да президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Мындан кийин Нурсултан Назарбаевдин жакындары да кызматтан кетип, айрымдары камалган.

Дагы караңыз

Шабдан акын: Аялдар камалганда жүрөгүм ооруду"Аватар: Cуудагы жол" тасмасы "Алтын глобус" сыйлыгын албай калдыУкраина өткөн суткада орус тарап 500дөй аскерин жоготконун билдирди