Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Украина өткөн суткада орус тарап 500дөй аскерин жоготконун билдирди


Украин аскерлери Донецк облусунун Бахмут районунун четинде зениттик түзүмдөн атып жатышат. 10-январь, 2023-жыл
Украин аскерлери Донецк облусунун Бахмут районунун четинде зениттик түзүмдөн атып жатышат. 10-январь, 2023-жыл

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусия өткөн суткада 490дой аскерин жоготконун билдирди.

Киевдин 11-январда эртең менен тараткан расмий маалыматына караганда, 2022-жылдын 24-февралынан бери орус тарап 113 миңдей жоокеринен ажырады.

Ошондой эле украин тарап Орусиянын миңдеген аскердик техникасы талкаланганын кабарлап, алардын тизмесин жарыялады.

Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу 21-сентябрда жоготуулар тууралуу маалымат берип, 5937 аскери каза болгонун билдирген.

Орусиянын жоготууларын Би-Би-Си жана Mediazona ыктыярчылар тобу менен бирге эсептеп, 8700дөн кем эмес аскер өлгөнүн ноябрда маалымдашкан.

Пентагон Орусиянын жана Украинанын жоготуулары менен жарадар болгондордун саны ар биринде 100 миңдей адамга жеткенин ноябрь айында божомолдогон.

Адатта согуш маалында тараптар каза болгон аскерлери тууралуу так айтышпайт. Жоготууларды көз карандысыз булактардан дароо тактоо мүмкүн болбой жатат.

XS
SM
MD
LG