Калифорнияда селден улам миңдеген адам коопсуз жерге көчүрүлдү

Калифорнияда тартылган сүрөт. 9-январь.

Калифорниянын Санта-Барбара, Монтесито шаарларында селден улам 9-январда миңдеген тургун коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Штатта бери дегенде 12 адам набыт болгонун Reuters агенттиги жазды.

Социалдык медиада жарыяланган видеолордо Калифорниянын Морро булуңунда көчөлөрдү, үйлөрдү суу каптаганын көрүүгө болот.

Рождество майрамынан кийинки алты бороон-чапкында миңдеген бак-дарактар кулады.

Эксперттер муну климаттын өзгөрүшүнүн белгиси катары сыпатташууда.

Дагы караңыз

Митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимдин мөөнөтү узартылдыУлуу Британиядан биринчи космостук учуу ийгиликсиз аяктадыАба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайтКемпир-Абад иши: тергөөгө сын, абактан кат