Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Улуу Британиядан биринчи космостук учуу ийгиликсиз аяктады


Шейшембиге караган түнү миллиардер Ричард Брэнсондун Virgin Orbit компаниясы Улуу Британиянын аймагынан орбитага биринчи жолу космос кемесин учурду. Бирок LauncherOne ракетасы "аномалиядан улам Жердин орбитасына чыга алган жок" деп билдирди компаниянын басма сөз кызматы.

Модификацияланган Boeing 747 учагы Корнуоллдун Ньюквей аэропортунан учкан. Ал бортунан тогуз спутникти орбитага чыгарышы керек болчу.

Учак Атлантика океанынын үстүндө 10 чакырымдан ашык бийиктикте ракета учурган. Жердин төмөнкү орбитасына багыт алган ракета дарегине жетпей калды.

LauncherOne орбитага чыгарышы керек болгон спутниктер жарандык жана аскердик максатта да колдонулушу мүмкүн экени кабарланган.

2020-жылдын май айында модификацияланган Boeing үлгүсүндөгү LauncherOne ракетасынын биринчи сыноосу да ийгиликсиз аяктаган. Бирок компания Boeing модели салттуу вертикалдуу учурууга караганда арзаныраак деп эсептейт.

2021-жылдан бери Virgin Orbit АКШнын аймагында Тынч океандын үстүнөн ушул сыяктуу төрт учурууну ийгиликтүү аяктаган.

XS
SM
MD
LG