Армения ЖККУ машыгууларын өз аймагында өткөрүүдөн баш тартты

Никол Пашинян.

Армения өз аймагында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) машыгууларын өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу премьер-министр Никол Пашинян маалымат жыйынында билдирди.

Анын белгилешинче, коргоо министри ЖККУнун биргелешкен штабына азыркы кырдаалда машыгууларды өткөрүү туура эместигин кабарлаган.

"Жок дегенде быйыл Арменияда машыгуулар өткөрүлбөйт", - деди Пашинян. Анын сөздөрүн Интерфакс жазды.

1-январында Орусиянын Коргоо министрлиги быйыл Арменияда "Бузулбас биртуугандык-2023" аскердик машыгуулары өтөрүн жарыялаган.

Пашиняндын билдирүүсүнөн кийин ЖККУ Арменияда пландалган машыгууларды башка өлкөнүн аймагында өткөрүү пландалып жатканын маалымдады.

2022-жылдын күзүндө Пашинян ЖККУнун Еревандагы саммитинде Тоолуу Карабакка байланыштуу жаңжалда өнөктөштөр Баку менен тиреште Ереванды жетиштүү колдогон жок деген негизде биргелешкен билдирүүгө кол коюудан баш тарткан.

ЖККУга Кыргызстан, Армения, Казакстан, Орусия, Беларус жана Тажикстан мүчө.

Октябрда Кыргызстан ЖККУнун аскердик машыгууларын өз аймагында өткөрүүдөн баш тартканын жарыялаган. Коргоо министрлиги бул чечим мурда эле кабыл алынганын билдирген.

Дагы караңыз

"Кылым шамы" Бишкекте кармалгандар боюнча Башкы прокурорго кайрылды "Дождь" телеканалы Нидерландда көрсөтүүгө лицензия алдыЧехиянын соту мурдагы премьер-министр Андрей Бабишти актады