Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

"Дождь" телеканалы Нидерландда көрсөтүүгө лицензия алды


"Дождь" телеканалы.
"Дождь" телеканалы.

"Дождь" телеканалы Нидерландда көрсөтүүгө лицензия алды. Бул тууралуу каналдын башкы редактору Тихон Дзядко "Эхо Москвы" радиостанциясынын мурдагы журналисти Александр Плюшевге таандык Plushev Телеграм каналына берген маегинде айтты.

Азырынча канал расмий маалымат тарата элек. Дзядко да кошумча комментарий берүүдөн баш тартты.

"Дождь" телеканалы Москванын саясатына сын көз караштарды ачык чагылдырат. Орусия Украинага басып киргенден кийин, 3-мартта канал Орусиядагы ишмердигин токтоткон. Июлда Латвияда иштөөгө лицензия алган.

Декабрдын башында Латвиянын Улуттук Электрондук маалымат каражаттарынын кеңеши "Дождь" телеканалы тийиштүү мыйзамдарды бузганын айтып, "улуттук коопсуздукка жана коомдук тартипке коркунуч" деген негизде лицензияны кайтарып алган.

Буга каналдын алып баруучусунун түз эфирде Украинадагы орус аскерлерине жан тарткандай билдирүүсү негиз болгон. Кийин ал журналист телеканалдан иштен кеткен.

XS
SM
MD
LG