Бразилияда мурдагы президент Жаир Болсонарунун тарапкерлери 8-январда өлкө парламенти – Конгресстин имаратына жана президенттик ордого кирип барышты. Интернетте тарап жаткан борбор калаа Бразилиадан тартылган сүрөт жана видеолорго караганда, Болсонарунун тарапкерлери адегенде Конгресстин имаратынын чатырына чыгып, андан соң ичине киришкен. Полиция аларды токтото алган жок.
Өлкө бийлиги шаарга укук тартибин коргоо кызматкерлеринин кошумча күчтөрү жөнөтүлөрүн билдирди.
Президенттик шайлоо бул өлкөдө былтыркы жылдын октябрында өткөн. Расмий эсеп боюнча жеңүүчү деп табылган Луис Инасиу Лула да Силванын инаугурациясы 1-январда уюштурулган.
Болсонарунун тарапкерлери шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып жатышат.
Серепчилер Бразилиядагы соңку окуяларды АКШдагы 2021-жылдын 6-январындагы кырдаал менен салыштырып жатышат. Ал күнү ошол кездеги өлкө башчысы Доналд Трамптын тарапкерлери Капитолийге кол салышкан, ал кезде да Трамп шайлоодо жеңилгенин моюнуна алуудан баш тарткан.
Дагы караңыз
Германияда химиялык чабуул жасоого шектелген ирандык кармалдыКиев Симоньян, Киселёв баштаган 119 орусиялыкка санкция салдыАрменияда орус базасынын жанындагы акцияда 100 киши кармалдыПрезидент Кыргызстанга карыз берген эл аралык каржы уюмдарына кайрылды