Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:38

Киев Симоньян, Киселёв баштаган 119 орусиялыкка санкция салды


Маргарита Симоньян.
Маргарита Симоньян.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орусиялык таанымал 119 кишиге санкция салган жарлыкка кол койду.

Өлкөнүн коопсуздук кызматы даярдаган тизмеде режиссёр Никита Михалков, куудул Евгений Петросян, саясат таануучу Александр Дугин, мамлекеттик "Россия сегодня" маалымат агенттигинин жетекчилери Маргарита Симоньян жана Дмитрий Киселёв, алып баруучу Жанна Бадоева, актерлор Дмитрий Дюжев, Дмитрий Харатьян, Михаил Галустян, ырчы Лолита Милявская жана футболчу Анатолий Тимощук бар.

Ошондой эле Киевдин "кара тизмесине" Сергей Лазарев, Александр Панайотов, Лариса Долина, Валерий Кипелов, Ирина Аллегрова, Филипп Киркоров, Стас Пьеха, Михаил Шуфутинский, Анита Цой, Сергей Бобунец, Василий Вакуленко (Баста) жана башка шоу чөйрөсүнүн өкүлдөрү илинген.

Санкцияда алардын Украинадагы активдерине бөгөт коюу, соода операцияларын чектөө, Украинанын аймагы аркылуу өтүүгө тыюу салуу, өлкөнүн мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу, виза бербөө жана башка чаралар каралган.

Зеленскийдин украин православ чиркөөсүнүн (Москва патриархаты) 13 кызматкерин жарандыктан ажыраткан жарлыкка кол койгону 7-январда белгилүү болду. LB.ua басылмасы өз булактарына таянып, жарлык 28-декабрда чыкканын жана анда жеке маалыматтар камтылгандыктан ачык жарыяланбаганын жазды.

Маалыматк караганда, сөз Тульчин жана Брацлав митрополити Ионафан тууралуу болуп жатат. Украинанын Коопсуздук кызматы буга чейин митрополитти "мамлекетке чыккынчылык кылган" деп шек санаган.

Мамлекеттик миграция кызматына дин кызматкерлеринин жарандыгы алынганы тууралуу билдирүү түшкөнү айтылууда. Басылма алар депортацияланышы мүмкүн экенин белгилеген.

Соңку айларда Украинанын Коопсуздук кызматы өлкө аймагындагы православ чиркөөлөрүндө тинтүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында укук коргоо кызматкерлери "Украинага каршы көп сандагы материалдарды", ошондой эле епархия түзүмдөрүнүн жетекчилигинде орус жарандыгы барлар бар экенин тастыктаган документтерди табышканын "Азаттык" радиосунун украин кызматы билдирди. (TAb)

XS
SM
MD
LG