Бишкекте кыз ала качууга шек саналып эки адам кармалды

Кыргызстанда ала качуунун айынан кыздардын өмүрү кыйылган учурлар катталган. Татьяна Зеленская тарткан сүрөт. 8-апрель, 2021-жыл.

Бишкек шаарындагы Ленин райондук милициясы кыз ала качууга шек саналып 31 жаштагы эки адам кармалганын кабарлады. Маалыматка ылайык, милицияга 27-декабрда 21 жаштагы кыз кайрылып арыз жазган. Анда шаардагы муз тебүү аянтынан эки бала үйүнө жеткирүүнү убада кылганын, бирок аны бейтааныш үйгө алып келип эркине каршы никеге турууга мажбурлашканын билдирген. Милиция бул фактынын негизинде кылмыш ишин козгогон.

4-январда Ош облустук милициясы 23 жаштагы кыз уурдалып бараткан жеринен куткарылганын кабарлаган. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 31-декабрда Кара-Суу районунун аймагында болгон. Бул факт боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, териштирүү жүрүп жатканы маалымдалды.

Кыргызстанда кыз ала качуу – оор кылмыш. Мажбурлап никеге тургузуу үчүн адам уурдагандар жети жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, ала качууга дуушар болгондор милицияга сейрек кайрылат. Ала качуунун айынан кыздардын өмүрү кыйылган учурлар катталган.

Дагы караңыз

Январь окуясы: кримтөбөл Жумагелдиев мартка чейин абакта калтырылды Бишкектеги ЖЭБде 100 миң тоннадан ашык көмүрдүн кору бар "Вагнерчилер" менен согушка барган айрым соттолуучулар ырайым алды УКМК: аксакалдар кеңешинин арызы менен Кочкордо кримтоптун мүчөсү кармалдыАКШ: Өкүлдөр палатасы үч күн катары менен спикер шайлай албай жатат Бакыт Төрөбаев энергетиктерге катуу суукка даяр турууну тапшырды