Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

"Вагнерчилер" менен согушка барган айрым соттолуучулар ырайым алды


"Вагнердин" жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет.
"Вагнердин" жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет.

“Вагнер” менчик аскердик компаниясынын курамында Украинага каршы согушка барган соттолуучулардын айрымдарына ырайым берилди.

Бул тууралуу аталган компаниянын башчысы Евгений Пригожин билдирди жана жарым жылдык келишим менен согушка баргандар ырайым алганын айтты.

Айрым басылмалар ырайым алгандар арасында адам өлтүрүү, маңзат соодасы сыяктуу оор кылмыштарга айыпталып түрмөгө кесилгендер, бир канча жолу соттолгондор дагы бар экенин жазышты.

Өткөн айда Орусиянын Ички иштер министрлиги “Вагнердин” Украинадан аннексияланган Луганск облусундагы машыгуу лагеринен качып кеткен алты жалданма жоокерине издөө жарыялаган жана алар буга чейин Орусиянын абактарында жаза өтөгөндөр экени маалым болгон.

Donday басылмасы качкандар кыргыз, беларус, орус жана үч өзбек жараны экенин, куралчан экенин жазган.

Украинада орус армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Соттолгондорду Пригожин өзү баш болуп азгырып жатканы тартылган видеолор жарыяланган.

Пригожин Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын экенин өзү ырастаган.

“Вагнер” (“ЧВК Вагнер” - Вагнердин жеке аскердик компаниясы) – компаниясы бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга шек саналып жүрөт.

Кыргызстан Украинадагы согушта нейтралдуу позицияда экенин кайталап келет. Ал согушка катышкан жарандарга мыйзамда катаал жазалар каралганын бир нече жолу эскерткен.

XS
SM
MD
LG