Бишкектеги ЖЭБде 100 миң тоннадан ашык көмүрдүн кору бар

ЖЭБде күнүмдүк керектөө 6,5 миң тоннага чейин жетүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкектеги Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) иши, азыркы абалы менен таанышты. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, учурда ЖЭБде 100,4 миң тонна көмүрдүн кору бар. Учурда күнүмдүк керектөө 6,5 миң тоннага чейин жетип, күн сайын сырттан 7 миң тоннадай көмүр сырттан ташылып келүүдө.

Өткөн айдын аягында ЖЭБдин суу түтүгү жарылып, көп өтпөй оңдолгон.

2018-жылдын январь айында ЖЭБде авария болуп, борбор калаа бир нече күн энергиясыз калган. Буга байланыштуу кийин ишкананы оңдоп-түзөө боюнча "Коррупция" беренеси менен иш козголуп, бир катар тиешелүү жетекчилер соттолгон.

2020-жылы октябрда ЖЭБде авариялык абал пайда болуп, көп өтпөй калыбына келген.

Дагы караңыз

Январь окуясы: кримтөбөл Жумагелдиев мартка чейин абакта калтырылды "Вагнерчилер" менен согушка барган айрым соттолуучулар ырайым алды УКМК: аксакалдар кеңешинин арызы менен Кочкордо кримтоптун мүчөсү кармалдыАКШ: Өкүлдөр палатасы үч күн катары менен спикер шайлай албай жатат Бакыт Төрөбаев энергетиктерге катуу суукка даяр турууну тапшырды Кыштутта чакан ГЭС курган ишкер өкмөттөн колдоо жоктугуна даттанды