7-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган учурда жана башка аймактарда кар жаабайт. Чүй менен Таластын айрым аймактарын эртең менен туман капташы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +5…+10;
Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз +6…+11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз +2...+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17...-22, күндүз -3...-8.
Бишкекте кар жаабайт, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-5 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +8…+10 градус болот.
Дагы караңыз
"Вагнерчилер" менен согушка барган айрым соттолуучулар ырайым алды УКМК: аксакалдар кеңешинин арызы менен Кочкордо кримтоптун мүчөсү кармалдыЯнварь окуясы: кримтөбөл Жумагелдиев мартка чейин абакта калтырылды АКШ: Өкүлдөр палатасы үч күн катары менен спикер шайлай албай жатат Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунун бир тарабы ачылдыБакыт Төрөбаев энергетиктерге катуу суукка даяр турууну тапшырды Өзбекстанда алдыдагы сууктан улам кышкы каникулдун мөөнөтү узарды Кыштутта чакан ГЭС курган ишкер өкмөттөн колдоо жоктугуна даттанды