Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунун бир тарабы ачылды

Тоолуу жолдогу көчкү. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-январда Ош облусунда Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунун бир тарабы ачылганын кабарлады. Бул жолго эки күн мурда көлөмү 1500 м3 кар көчкү түшкөн. Мындан сырткары 70-80-чакырым аралыктарында кар күрткү пайда болгондуктан жол убактылуу жабылган.

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар тараткан. Ага ылайык, 5-январда жааган кардан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу кан жолунун 55-107 чакырымында, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 68-101 чакырымында (Чапчыма ашуусу)жана Красная-Горка-Акташ жолунун 1-4 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткү болушу мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Машинелердин ортосундагы 500 метр аралык так сакталышы керек.

Дагы караңыз

"Вагнерчилер" менен согушка барган айрым соттолуучулар ырайым алды УКМК: аксакалдар кеңешинин арызы менен Кочкордо кримтоптун мүчөсү кармалдыБакыт Төрөбаев энергетиктерге катуу суукка даяр турууну тапшырды Өзбекстанда алдыдагы сууктан улам кышкы каникулдун мөөнөтү узарды Кыштутта чакан ГЭС курган ишкер өкмөттөн колдоо жоктугуна даттанды Наристенин өлүмү: тергөө абагындагы дарыгерлер үй камагына чыкты Дайырбек Орунбеков "Мега" компаниясынын кызматын колдонууга чакырды