Украина: Макеевкадагы каардуу түндүн капшабы

Орусия аннексиялап алган Донецк облусунун Макеевка шаарындагы орус аскерлеринин казармасы чабуулдан кийин, 4-январь, 2023-жыл.

1-январга караган түнү телевизордо президент Путиндин жаңы жылдык куттуктоосу жаңырып жаткан маалда украин армиясынын ракеталык чабуулунан набыт болгон орус аскерлеринин саны 89га жеткенин Москва ырастады.

Орусиядагы "Верстка" басылмасы урандыларды тазалоого катышкан жоокерлердин бирине таянып, түнкү чабуулдан 200дөй аскер набыт болуп, 150дөй киши жараат алганын жазды. Ал өзү 200гө жакын жоокердин сөөгүн көргөнүн айтып берген. Киев 400 киши өлгөнүн билдирди.

Орусиянын Самара, Тольятти, Новокуйбышевск жана Сызран шаарларында согушта набыт болгондорго аза күтүп жатышат. «Важные истории» басылмасы мобилизациялангандардын жакындары алардын өлүү-тирүүсүн биле албай жатканын жазды. Сhange.org порталында Макеевкада набыт болгондор менен жарадарлардын аты-жөнүн жарыялагыла деген талап менен петиция башталды. Ага 200дөй киши кол койду.

Жаңы жыл түнү төрт ракета тийген Москва аннексиялап алган Донецк облусунун Макеевка шаарындагы казармада орус армиясынын 44 жана 45-полктору жайгашкан. Эркин Европа/Азаттык радиосунун Север.Реалии сайтынын кабарчылары аскерлердин аялдары менен байланышканда алар аман калган күйөөлөрүнүн ал-жайын билгенге үлгүргөнүн, бирок андан кийин байланыш таптакыр үзүлгөнүн айтышкан.

“Айлана-тегеректин баары эле буту-колу жулунгандар, төгүлгөн кан” – деген жоокер төрт жолу сокку болгонун уккан. "Кантип тышка атып чыгып, аман калганын өзү билбейт. Полкто канча киши өлүп, канчасы тирүү экенин да билбейт. Жараат алгандарын Ростов облусуна ооруканага алып кетсе, аман калгандарынын кийими жок жылаңач. Тамак-аш, кийим-кече - баары урандынын алдында калыптыр” -деди аялдардын бири.

Самара шаарынын тургуну чабуулдун алдында анын артиллерист күйөөсү кызмат кылган бөлүк казармадан чыгып кеткенин айтты:

– "Кокустук" дейт. Азыр күйөөм кекечтенип эч нерсе айта албайт. Болгону өзү аман калганын гана билдим. Алардын бөлүгүн кошпогондо ал жерде 400дөй киши болгон окшойт. Алардын көбү курман болду. Биз 2-январда сүйлөшкөндө урандылардын алдынан сөөктөрдү алып чыгып жатышканын айткан".

4-январда Орусиянын Коргоо министрлиги Макеевкадагы казармада 89 жоокер, анын ичинде полктун командиринин орун басары подполковник Бачурин набыт болгонун ырастады.

Украин армиясы Макеевкадагы кесиптик-техникалык окуу жайда жайгашкан орустардын казармасына 1-январда саат 00:01де чабуул койгон. Жеринен тартылган видеодо имарат пайдубалына чейин кыйрап калганы көрүнөт.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-саясий башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сергей Севрюков казармадагылар “мобилдик телефон колдонгондо бутага илинген" деп билдирип, ал үчүн жооптуулар жазага тартыларын айтты.

“Тыюу салынганына карабай жеке курам душмандын куралы жеткен аймакта мобилдик байланышты жапырт колдонгон. Бул фактор душманга аскерлердин турган жеринин координатын аныктап, ракетадан сокку урууга мүмкүнчүлүк берген” - деди орус генералы.

Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги украин армиясы АКШда чыгарылган HIMARS (Хаймарс) системасынан атылган ракета менен сокку урганын айткан.

“Орусиянын абадан коргонуу системасы “Хаймарстын” эки реактивдүү снарядын атып түшүрдү. Дүрмөттөлгөн төрт снаряд аскерлер убактылуу жайгашкан жерге түшүп, 63 аскер кызматкерибиз курман болду”, - деген министрликтин өкүлү.

HIMARS ракеталык системасы (архивдик сүрөт)

Орусиядагы бийликчилдер, айрым депутаттар согуштагы кооптуу кырдаалды эске албаганы үчүн командирлерди жоопко тартууну талап кылууда. Маселен, Рыбар деген согушту колдогон блогер Макеевкадагы казармада декабрдын ортосунан бери мобилизациялангандар жайгашканын, ошол жерге “бирөөнүн каранасатай аңкоолугунан улам” курал-жарак сакталган кампа да салынганын айыптап жазды.

Донецкидеги жикчил күчтөрдүн мурдагы башчысы, ушул тапта орус аскер жетекчилерин катуу сындап жүргөн Игорь Стрелков (Гиркин) өлгөндөр менен жарадар болгондордун санын "жүздөгөн" деп санап, казармада кампадагы ок-дарылар жарылганын Телеграм каналына жазды.

Бийликчил "Царьград" каналы жергиликтүү булактарына таянып, “жүздөгөн киши” өлгөнүн маалымдады.

Орусиянын коргоо министрлиги Киевдин соккусуна жооп кылып, Донецкидеги Дружовка станциясында «топтолгон техникага" сокку урганын, андан 200 украин жоокерин, АКШдан чыккан төрт HIMARS системасын жана 800 ракетасын жок кылганын билдирди.

Бирок көз карандысыз тараптар бул маалыматты ырастаган жок.

Украин президентинин жардамчысы Кирилл Тимошенко Дружовкада эки киши жарадар болуп, хоккей аянты иштен чыкканын шейшембиде айтты.

Буга чейин украин армиясы фронттон жүздөгөн чакырым алыстагы Киев баш болгон чоң шаарларды бутага алган Орусиянын дрондору дээрлик толук атып түшүрүлгөнүн маалымдаган.

Президент Владимир Зеленский Москва ирандык дрондорду колдонуп, «Украинаны алсыратуу» аракетин улантарын 2-январдагы телекайрылуусунда айтты.

"Алар Украинанын элин, абадан коргонуу системасын, энергетикасын алсыратуу максатын көздөп тургандай. Украина террористтердин бул максатын ишке ашырууга жол бербөө үчүн колдон келгендин баарын жасайт", – деди.

Орусиянын Украинага басып кирип, согуш баштаганына бир жылга чукулдады. Москва майданда аскерлери алсырагандан кийин абадан чабуул койгонго өткөн.

Орусиянын президенти Владимир Путин жаңы жылдык кайрылуусунда "атайын операция" муну менен токтоп калбасын, өлкөнүн келечеги үчүн күрөш уланарын билдирди.

31-декабрдагы кайрылуусунда украин лидери өз элине алкыш айтып, "күч бирдикте" деп шыктандырды.

Украина орус күчтөрү басып алган аймактарынын 40% бошотконун өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Валерий Залужный шейшембиде жарыялады. Украин генералы майданда 100 миң орус аскери набыт болгонун кошумчалады.

Москва былтыр сентябрда согушта 6000дей жоокери курман болгонун ырастаган. Би-Би-Си жана “Медиазона” басылмасынын журналисттери ачык булактарга таянып, 10 миңден ашуун орус жоокери өлгөнүн аныктаган.

Пентагон ноябрда Орусия менен Украинанын ар биринин жоготкон жана жарадар болгон аскерлеринин саны 100 миңдей деп болжолдогон.

Согуш маалында маалыматтарды көз карандысыз булактардан текшерүү кыйын экенин да эскертебиз.