Төө-Ашууга жана Ала-Белге бийиктиги төрт метрлик тосмолор курулат

Бишкек-Ош жолу. Архивдик сүрөт.

Бишкек–Ош автожолунун ашуулардагы тилкелерине кар күрткүсүнөн коргоочу атайын тосмолор курулганы жатканын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Жапониянын борбору Токио шаарында 27-декабрда Iwata Chizaki компаниясы менен “Бишкек–Ош автожолун кар күрткүсүнөн коргоо” долбоорун ишке ашыруу келишимине кол коюлду.

Долбоорду Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги JICA ишке ашырат.

Жолдун коопсуздугун жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу максатын көздөгөн долбоор алкагында 8 миллиондой доллар грант бөлүнүп берилет.

Төө-Ашууга жалпы узундугу 2 чакырымдык, Ала-Белге 2,5 чакырымдык, бийиктиги 3-4 метрлик тосмолор орнотулат.

Курулуш иштери быйыл башталып, 2027-жылдын соңунда жыйынтыкталат.

Бишкек–Ош жолу – Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн байланыштыруучу негизги трасса. (RK)

Дагы караңыз

Өзбекстанда Quramax компаниясы алып келген дарыларды сатуу токтоду Аба ырайы: Ысык-Көл менен Нарындын айрым аймактарында кар жаайт Сомалидеги жардырууда бери дегенде тогуз киши каза таптыАКШ: Өкүлдөр палатасынын спикери биринчи турда шайланбай калды