Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги Quramax компаниясы 2022-жылы алып келген бардык дары-дармектерди сатууну токтотууну тапшырды. Бул тууралуу Gazeta.uz. басылмасы жаңы министр Амрилло Иноятовдун дарыканаларга жолдогон катына шилтеме кылып жазды.
"Терең текшерүүнүн жыйынтыгында "Док-1 Макс" жана "Амбронол" дарылары тиешелүү талапка жооп бербегени аныкталды. Бул дарылардын айрым серияларында пропиленгликолдун ордуна этиленгликол жана диэтиленгликол бар экени белгилүү болду, айрым учурда уулуу заттардын баары чогуу аныкталган учурлар катталды",-деп жазылган катта.
Индиянын Marion Biotech компаниясы Өзбекстанда 19 баланын өлүмүнөн кийин жөтөлгө каршы “Док-1 Макс” дарысын чыгарууну токтотконун билдирген.
Өзбекстанда өткөн айда ушул дарыны ичкенден кийин саламаттыгы начарлаган 22 баланын 19у чарчап калган. "Док-1 Макс” дарысынан уулуу этиленгликол заты табылганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги маалымдаган. Ошол кездеги министр Бехзод Мусаев каза болгон балдардын ата-энелеринен кечирим сурап, шалаакылыкка жол бергендер мыйзам алдында жоопко тартыларын билдирген. “Док-1 Макс” таблеткалары жана сироптору Өзбекстандын бардык дарыканаларынан алынып, Улуттук коопсуздук кызматы тергөө башталганын кабарлаган.
Индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган бул дары парацетамол, гвайфеназин, фенилэфринди камтыйт жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды, сасык тумоону дарылоо үчүн сунушталат.
Өзбекстандагы балдардын өлүмүнө байланыштуу 23-декабрда Кыргызстанда да "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынып, анын үлгүлөрү текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлгөн.
Буга чейин Индиянын Maiden Pharmaceuticals Ltd компаниясы чыгарган жөтөлгө каршы дарыдан Гамбияда 70 бала чарчап калганы айтылган. Бирок Индия өкмөтү жана дары чыгарган компания айыптоолорду четке кагып келген.
Индия акыркы он жылда фармацевтикалык экспортун эки эсе көбөйтүп, пайдасы 24,5 миллиард долларга жетти.