Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, 4-5-январь күндөрү жааган кардан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу кан жолунун 55-107 чакырымында, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 68-101 чакырымында (Чапчыма ашуусу)жана Красная-Горка-Акташ жолунун 1-4 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткү болушу мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Машинелердин ортосундагы 500 метр аралык так сакталышы керек.
Кыргызстанда 5-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы ыктымал, калган облустарда күн ачык болот. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз +5…+10;
Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз +4…+9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -6…-1, күндүз +4…+9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +1...+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17...-22, күндүз -10...-15.
Бишкекте кар жаабайт, абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +8…+10 градус болот.