Сомалинин Хиран аймагында 4-январда эки машине жардырылып, кеминде тогуз киши набыт болду. Жараат алгандардын саны белгисиз.
Жергиликтүү бийлик кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ал-Каида" менен байланышы бар "Ал-Шабааб" террордук тобуна жүктөдү.
Хиранда өкмөт бир нече ай мурун "Ал-Шабаабга" каршы ири өнөктүк баштаган. Сомалинин президенти Хасан Шейх Мохамуд 15 жылдан бери козголоң жүргүзүп келген исламчыл топко каршы “тоталдык” согуш жарыялаган.
Дагы караңыз
Кадамжай: түтүнгө ууланган алты адамдын өлүмү иликтенип жататОш: Ала качууга кабылган кыз куткарылдыАшууларда жол тазалоо иштери жүрүп жататӨзбекстанда Quramax компаниясы алып келген дарыларды сатуу токтоду