Кар калың жааганына байланыштуу Кыргызстандын ашууларындагы автомобилдик жолдорду тазалоо жана сыйгалакка каршы каражаттарды себүү иши уланып жатат. Бул тууралуу 4-январда Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, Ош облусунун Алай районунда Ош–Сары-Таш автожолунун 56-74-чакырымында (Чыйырчык ашуусу) жааган кардын калыңдыгы 60-70 см болду.
Кардан тазалоо иштери Бишкек–Балыкчы–Нарын–Торугарт жолунун 90-137-чакырымдарында, Бишкек–Ош жолунун 209-315, 61-115, 123-129 жана 132-209-чакырымдарында жүрүп жатат.
“Сосновка” бекетинде 3-январдан тартып оор жүк ташуучу машиналарга убактылуу чектөө киргизилди.
Торугарт, Туз-Бел, Долон, Кызыл-Бел ашууларында, Капчыгай тилкесинде кар аралаш бороон болуп, атайын техника күнү-түнү иштеп жатат.
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайку автожолуна жааган кардын калыңдыгы 50-60 сантиметрге жетти.
Жолдорду кардан тазалоо иштери Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кубакы, Ак-Бейит ашууларында, Талас облусунун Өтмөк ашуусунда, Арал–Казарман автожолунун 243-249-чакырымдарында да уланууда.
Быйыл Кыргызстанда жаңы жылдын алгачкы түнү ага чейинки жылдардан айырмаланып республиканын бардык аймактарында кар жаады.
Синоптиктер 3-5-январь күндөрү тоолуу аймактарда кар жаай турганын, автожолдордо кооптуу абал түзүлүшү ыктымал экенин эскерткен. (RK)
Дагы караңыз
Өзбекстанда Quramax компаниясы алып келген дарыларды сатуу токтоду Кышкы туризмди аксаткан тоскоолдуктарКадамжай: түтүнгө ууланган алты адамдын өлүмү иликтенип жатат"Азаттыктын" акындарынан ыр белек