Баткен: Төрт миңдей адам ар кайсы жактарда жашап жатат

Баткенде 2022-жылдын 17-сентябрында тартылган сүрөт. Жалпысынан дээрлик 137 миң адам эвакуация болгон.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку каргашада үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон тургундарынын төрт миңге жакыны бүгүнкү күндө ар кайсы жактарда жашоого мажбур болуп жатышат.

Баткен облусунун башчысынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында 27-декабрда маалымат берип жатып төмөнкүлөрдү билдирди:

"Туруктуу жашаган турак жайын таштап, убактылуу чыгып кеткендердин саны 3781 адам деген маалымат бар. Көпчүлүгү Чүй облусунда, Бишкек шаарында жана Баткен шаарындагы коллеждерде, мэрия уюштуруп берген убактылуу жайларда, туугандарынын үйүндө жашап жатышат".

Тулаевдин айтымында, үйү толук күйүп кеткен 678 адамга элден атайын эсепке түшкөн каражаттан үйү бүткөнчө жашап туруу үчүн 200 миң сомдон бөлүнүп берилген.

Былтыр жазында жана быйыл сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон. Миңдеген адам үй-жайын таштап качууга мажбур болгон, алардын айрымдары коопсуздук маселесинен улам үйүнө кайта электиги парламентте бир нече жолу айтылган.

Бийлик жаңы 420 үйдү эки-үч айда куруп берүүнү убада кылган болчу.

Бирок Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нуртазин Жетибаевдин айтымында, бул иштер келерки жылдын февралынын аягына, жазга калды. (RK)

Дагы караңыз

Цирк, зоопарктарда жаныбарларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталдыCASA-1000: Кыргызстанда 1243 зым тирөөч курулатПрезидент тил жөнүндө пикирин саясатташтырбоого чакырды Футбол легендасы Пеле дүйнөдөн кайтты