Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:48

CASA-1000: Кыргызстанда 1243 зым тирөөч курулат


CASA-1000 долбоорунун алкагындагы курулуш иштери. Кыргызстан, 2022-жылдын июль айы.
CASA-1000 долбоорунун алкагындагы курулуш иштери. Кыргызстан, 2022-жылдын июль айы.

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында 1243 электр тирөөчтөрү курулат. Учурда курулуш үчүн жолдор салынып, 969 тирөөч орнотулду.

Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу өтүүчү 500 киловаттык электр кубатын ташый турган чубалгылардын узундугу 456 чакырымды түзөт. Долбоорго ылайык, электр кубатын ташый турган зымдар Кемин районунун аймагындагы «Датка» көмөк чордонунан баштап 455,6 чакырым аралыкка - Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу Тажикстандын чек арасына чейин жеткирилет.

CASA-1000 - Кыргызстан жана Тажикстандын электр кубатын Ооганстан менен Пакистанга сатууга багытталган, бирок, көп жылдан бери ишке ашпай келаткан долбоор.

Тажикстан CASA-1000 долбоорунун алкагында курулуш иштерин өткөн жылы июль айында аяктаган. Ал тууралуу былтыр июлда энергетика жана суу ресурстары министри Жамшед Шоймзода билдирген. Анын маалыматы боюнча, долбоор Пакистанда да уланууда, бирок, жумуштардын 40% бүткөн Ооганстанда иш токтоп калган. CASA-1000 долбоорунун жалпы баасы 1 миллиард доллар. Чыгымды бардык тараптар көтөрүп, эл аралык каржы уюмдары да каржылоодо. (TSh)

XS
SM
MD
LG