29-декабрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаашы ыктымал.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун өрөндөрүндө жана Ош, Баткен, Талас облустарында жаан жаабайт. Айрым аймактарда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;
Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10;
Бийик тоолуу райондордо аяздын күчү түнкүсүн -24…-29, күндүз -6…-11 градуска жетет.
Бишкек шаарында жаан-жачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 3…5 градуска чейин жогору болот.