Конституциянын сакталышын карай турган депутаттык комиссия түзүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште Кыргызстандын Баш мыйзамынын, адам укуктарынын, конституциялык мыйзамдардын сакталышы боюнча абалды изилдөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Комиссияга жети депутат кирди. Алар: Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Чыңгыз Ажибаев (“Элдик”), Айбек Осмонов (“Мекенчил”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Шайлообек Атазов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Жылдыз Таалайбек кызы (“Ишеним”) жана Чыңгыз Айдарбеков (“Альянс”).

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Конституциянын сакталышын карай турган комиссия түзүүнү 22-декабрдагы парламенттин жалпы жыйынында сунуштаган.

Мадумаров парламентте добуш бергенде депутаттар басымга кабылып жатканын, Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын арасында абалы оорлор бар экенин, жакында өткөн элдик курултай мыйзамсыз болгонун, анын Баш мыйзамга шайкештигин аныктоо үчүн Конституциялык сотко кайрылганы жатканын, комиссия бир айлык мөөнөттө өз жыйынтыгын чыгарышы керектигин айткан.

Буга чейин Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева кыргыз-өзбек чек ара келишимине каршы добуш берген депутаттарга коркутуу, кысым башталганын айтып чыккан. Ал спикер Нурланбек Шакиеди парламент өкүлдөрүн коргой албай жатканы үчүн сынга алган.

Соңку айларда бир катар депутаттар УКМКга жана Башкы прокуратурага суракка чакырылды. (КЕ)

Дагы караңыз

Башкы прокуратура "Керемет Банк" боюнча УКМК кызматкерлери кармалганын маалымдады“Керемет Банк” боюнча кармалгандар эки айга камакка алындыШаардык сот Акматов менен Бузурманкуловду абакта калтырдыПрезидент сыйлык тапшырууда Кемпир-Абад маселесине токтолду