Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Башкы прокуратура "Керемет Банк" боюнча УКМК кызматкерлери кармалганын маалымдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Керемет Банкка” байланыштуу иликтенип жаткан кылмыш иши алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) эки кызматкери кармалганын бүгүн 23-декабрда “Азаттык” радиосуна Башкы прокуратурадан кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, ишти Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тергеп жатат.

Маалыматта айтылгандай, кармалгандар – УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкери жана ушул эле мекеменин Өздүк коопсуздук башкармалыгынын төрагасынын орун басары.

“Керемет Банктын” төрагасынын орун басары, буга чейин коопсуздук системасында бир нече жыл иштеп келген Максат Дадыбаев Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына (гауптвахта) камакка алынганын 22-декабрда “Азаттык” радиосуна шаардык соттун басма сөз кызматы тастыктаган.

Октябрь райондук сотунун чечими менен ал 2023-жылдын 14-февралына чейин камакта болору маалымдалды, ал эмне себептен гауптвахтага киргизилгени айтылган жок.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, мекеме ушул айдын башында “Керемет Банктын” айрым өкүлдөрүнө карата кылмыш ишин козгогон. Ишти козгоого Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык”, “Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу”, “Документ жасалмалоо” деген беренелери негиз болгон.

Дадыбаевден тышкары банктын Бишкек филиалынын директору жана банктын эки кызматкери кармалганын айрым маалымат каражаттары жазып жатышат, бирок расмий органдар муну азырынча тастыктай элек.

«Керемет Банк» коммерациялык банкынын акцияларынын 97,45% ээси болуп 2018-жылдан бери Улуттук банк эсептелет. Өкмөт соңку жылдары ал аркылуу фермерлерге жеңилдетилген шартта насыя берип келет. Банк ипотекалык насыя программасын да жүргүзө баштаган. «Керемет Банк» мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жемкорлукка жана арам акчаны адалдоого айыпталып сыртынан соттолгон уулу Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнө таандык деген “Азия УниверсалБанктын” негизинде түзүлгөн.

УКМК кызматкерлери кармалганы боюнча азырынча маалымат же расмий комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG