Сауд Арабиясындагы Жидда-Медина жолунда өзбекстандык зыяратчылар бараткан автобус кырсыкка кабылып, 10 киши жабыркады. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги окуя 27-декабрда болгонун билдирди.
Маалыматка караганда, "Аль-Афаж" транспорттук компаниясына таандык Mercedes-Benz автобусунун айдоочусу үргүлөп кеткен.
Кырсыктан жабыркагандарга Мединанын жанындагы ооруканада алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Калгандары Мединадагы мейманканага жайгаштырылган. Автобуста жалпысынан Өзбекстандын 50 жараны болгон.
Абалды Өзбекстандын Жиддадагы башкы консулдугу өз көзөмөлүнө алды.
Дагы караңыз
Украинада согуш башталгандан бери 18 миңдей карапайым тургун набыт болдуУКМК депутат Бакиров Камчы Көлбаевге байланыштуу суракка чакырылганын билдирди БУУнун Коопсуздук Кеңеши талибдердин аялдарды чектеген чечимин айыптады