Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:26

УКМК депутат Бакиров Камчы Көлбаевге байланыштуу суракка чакырылганын билдирди


Өмүрбек Бакиров.
Өмүрбек Бакиров.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров “криминалдык авторитет” атыккан Камчы Көлбаевге байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакырылганы белгилүү болду.

УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн 28-декабрда маалымат таратып, Бакиров менен Көлбаевдин байланышы аныкталганын билдирди.

Маалыматта Бакиров 25-декабрда Көлбаев менен жолугуу үчүн Чолпон-Ата шаарындагы “Барс” спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексине “атайын барганы”, мунун далили бар экени айтылды жана эл өкүлдөрүнүн мындай байланыштары мамлекеттик бийликти жаманатты кылары, элдин ишенимине доо келтирери белгиленди.

“Ушуга байланыштуу УКМК мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде эл депутаттарына кылмыштуу элементтер менен байланышууга жол берилбестигин эскертет, бул алардын кылмыштуу аракеттерине шериктештик катары бааланат”, деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Депутат Бакиров УКМКнын айыптоосун четке кагууда. Ал “Барс” жайына катардагы эс алуучу катары барганын, Көлбаев менен жолукпаганын, атайын кызматка ушул боюнча чакырылганын “Азаттыкка” билдирди:

“Менин жардамчым көлдөн болот. Аны менен “Барс” жайына кымыз алып келгени барганбыз. Кымыз алып, жардамчымдын үйүнө барып келгенбиз. Булар мени жолукту деп болжолдоп жатышат. Бирок мен ал жерде Камчы Көлбаевди көргөн жокмун, аны менен мамилем жок. УКМКнын билдирүүсү негизсиз”, - деген Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештин 7-кабатындагы иш бөлмөсү боюнча маселе да чечиле электигин, азырынча башка депутаттардын бөлмөсүндө иштеп жатканын айтып берди.

Депутаттын мындай билдирүүсүнө атайын кызмат кайра жооп берди. Анда Камчы Көлбаев сурак учурунда депутат менен жолукканын ырастады деп жазылган.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө депутаттын кызматтык бөлмөсүнөн буюм-тайымдары сыртка чыгарылып койгону тартылган видеолор, бул окуя Бакиров 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасы талкууланып жатканда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткенден кийин болуп жатканы тууралуу комментарийлер жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG