29-декабарда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда күн ачык болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;
Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн -17…-22, күндүз -6…-11;
Бийик тоолуу райондордо аяздын күчү түнкүсүн -22…-27, күндүз -6…-11 градуска жетет.
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 5…7 градуска чейин жогору болот.
Дагы караңыз
БУУнун Коопсуздук Кеңеши талибдердин аялдарды чектеген чечимин айыптадыУКМК депутат Бакиров Камчы Көлбаевге байланыштуу суракка чакырылганын билдирди Кемпир-Абад иши: Абактагы ачкачылык акциясы дээрлик токтодуСотто эсин жоготкон Нарматованын абалы боюнча маалымат берилди