Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдөн баш калка сурагандардын саны 2022-жылы былтыркыга караганда 50 пайызга көбөйдү.
Бул тууралуу башпаанек боюнча Европа агенттигинин (EUAA) директору Нина Грегори билдирди. Анын айтымында, 2022-жылдын 10 айында Еврошаркетке баш калка боюнча дээрлик 800 миң кайрылуу түшкөн, бул былтыркыдан 54 пайызга көп.
Буга Орусия Украинага басып киргенден кийин Евробиримдик өлкөлөрүнө көчүп кеткен украиналыктар кошулган эмес. Аларга саясий башпаанек эмес, убактылуу коргоо макамы берилип, качкындар боюнча статистикага кирбей калган. Ноябрдагы эсеп боюнча баш калка сурагандардын сап башында Сирия, Ооганстан жана Түркия турат.
Грегори бул жылы Орусиянын канча жараны баш калка сурап кайрылганын тактаган жок. Евробиримдик буга чейин мекенинде куугунтукка кабылган орусиялыктарга саясий качкын макамын эмес, гуманитардык деп аталган визаларды берүү мүмкүнчүлүгүн жарыялаган. Алар боюнча статистика келерки жылдын башында жыйынтыкталат.
EUAA маалыматына караганда, баш калка сурагандар быйыл көбөйгөнү менен 2015-2016-жылдагы санга жете элек. Анда коопсуз жайга көчүү ниетин билдиргендердин саны 1,3 миллиондон ашкан. Көбү Сириядагы жарандык согуштун кесепеттеринен качууну көздөгөндөр болгон.
Башка калка сурагандардын көбү Германияга кайрылган - 190 миң, бул өткөн жылга салыштырмалуу 43% көп. Экинчи орунда Франция турат. Венгрия - ЕБ өлкөлөрүнүн ичинен качкындар үчүн "жакшы эмес" деп эсептелет.
Грегори баш калка сурагандар мындан ары дагы өсүшү ыктымал экенин билдирди. "Туруксуздук жана адамдардын коопсуздугуна коркунуч - бул биз жашап жаткан дүйнөнүн өзгөчөлүгү. Тилекке каршы, алар убактылуу эмес", - деди ал.
Орусиянын Украинага аскерий чабуулу башталгандан бери Евробиримдик өлкөлөрүндө бул 4,7 миллионго жакын жараны убактылуу коргоого алынган. Аларга жашоого уруксат, социалдык жардам жана иштөөгө уруксат берилет.
БУУнун маалыматына караганда, Орусиянын баскынчылыгынын айынан 14 миллиондой украиналык өз үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Дагы караңыз
Киев Щербакованы мыкты спортчу наамына талапкерлердин тизмесинен чыгарууну талап кылды Келерки жылы КМШга Кыргызстан төрагалык кылат Баткенде кыргыз-тажик Чек ара кызматтарынын башчылары жолугуштуТИМ депутат Атазовдун сынына жооп берди