Сасык тумоонун көрсөткүчү төмөндөдү, ооругандар дале көп

Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир апта ичинде (19-25-декабрда) Кыргызстанда сасык тумоо менен катталгандар 32 миң 756 бейтап болду. Бул тууралуу 26-декабрда Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Ага чейинки бир апта ичиндеги (12-18-декабрда) көрсөткүчкө (43 миң 960 бейтап) караганда бул 11 миңге, башкача айтканда, 17% аз.

Ооруп жаткандардын 64,3% жаш курагы 14кө чыга элек балдар.

Быйылкы күз-кыш убагындагы сасык тумоо эпидемиясынын эң оор мезгили декабрдын ортосуна туш келген. Ага чейин ооругандар аптасына 9 миңдин тегерегинде болуп жатса, 16-декабрга карата бир күндүк көрсөткүч 9 миңден ашкан.

Оору күчөгөндүктөн мектептер 24-декабрга чейин онлайн окууга өткөн. Бишкекте онлайн окуу мөөнөтү 28-декабрга чейин узартылган. (RK)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: камалгандар абактагы шартты психологиялык басым деп атоодо"Жашоо тозокко айланып баратат". Талибдер аялдарга дагы бир чектөө койду Баткен: Жеңилдетилген насыяга бөлүнүүчү сумма 15 млн. сомго көбөйдүДүйнө экономикасын силкиген жыл