Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Баткен: Жеңилдетилген насыяга бөлүнүүчү сумма 15 млн. сомго көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Баткен облусу боюнча жеңилдетилген каржылоо” долбоорунун алкагында республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражат 50 миллион сомдон 66 миллион сомго көбөйтүлгөнүн 26-декабрда Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, аталган беш жылдык, 470 миллион сомдук долбоор баткендик ишкерлерге жана насыя сурап кайрылгандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында быйыл 31-майда бекитилген. Анын алкагында насыя республикалык бюджеттен жана «РСК Банк», «Айыл Банк», «Керемет Банк» банктарынын каражатынан берилет.

Быйылкы жылга аталган үч банктын пайыздык үстөгүн каржылоого республикалык бюджеттен 50 миллион сом каралган, 9-декабрда өкмөттүн токтому менен бул сумма 66 миллион сомго көтөрүлдү.

Каржылоо Баткендин чек аралаш аймактарындагы айылдар боюнча жүргүзүлөт. Бөлүнгөн акчанын биринчи үч жылына үстөк пайыз кошулбайт, калган эки жылына 3% кошулат.

Буга чейин өкмөт Баткен облусунун 68 айылы кирген атайын тизме бекитилгенин кабарлаган.

Былтыр жазында жана быйыл сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон. Миңдеген адам үй-жайын таштап качууга мажбур болгон, алардын айрымдары коопсуздук маселесинен улам үйүнө кайта электиги парламентте бир нече жолу айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG